Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:34

Борбор Азия

Коммунисттик символдор менен эстеликтерди алып салуу чакырыктары Кыргызстанда эгемендик жылдардан бери эле көтөрүлүп келет
Коммунисттик символдор менен эстеликтерди алып салуу чакырыктары Кыргызстанда эгемендик жылдардан бери эле көтөрүлүп келет

Кыргызстандын экинчи ири калаасы Оштун башкы аянтынан 25 метр бийиктиктеги Владимир Лениндин айкелинин алынышына байланыштуу “Кыргызстан коммунисттери” партиясы өлкө бийлигине кайрылуу жолдоду. Алар Ош шаар бийлигинин аракетине укуктук баа берүүнү өтүнгөн.

7-июнда эртең менен Ош мэриясынын кызматтары 1917-жылдагы Октябрь революциясынын жетекчиси жана Советтер Союзунун түзүүчүсү Владимир Лениндин Ош шаарынын башкы аянтындагы эстелигин көчүрүп кеткени маалым болгон. Бул кабар жергиликтүү эле эмес, дүйнөлүк айрым медиалардагы жаңылыктарга чыкты.

Коммунисттик символдор менен эстеликтерди алып салуу чакырыктары Кыргызстанда эгемендик жылдардан бери эле көтөрүлүп келет.

Шаардык мэрия башкы аянтынан алынган Лениндин эстелиги “Мээрим” эс алуу багына коюларын жарыялады. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, аянттагы эстеликтин ордуна Бишкектегидей желек сап (флагшток) орнотулат.

“Мисалы, Орусиянын деле шаарларында, ошол эле Санкт-Петербургда, Белгороддо Лениндин эстеликтери демонтаждалган же башка жерлерге которулган. Бул шаарлардын жалпы архитектуралык, эстетикалык келбетин жакшыртуудагы кадыресе көрүнүш”, - деп жазды мэриянын маалымат катчысы Жумамидин Сулайманкулов Фейсбук баракчасына.

Бул эстелик 1975-жылы Ош облустук жана шаардык мамлекеттик администрациясынын алдына орнотулган. Ал советтик скульптор, СССР Көркөм өнөр академиясынын президенти Николай Томскийдин эмгегине таандык.

2003-жылы Бишкекте Лениндин эстелиги борбордук “Ала-Тоо” аянтынан алынып салынып, ордуна оболу түндүк көтөргөн Эненин айкели тургузулган. Эстелик Эгемендиктин символу катары сыпатталган. Андан соң Алмазбек Атамбаевдин бийлиги маалында ал Манастын айкели менен алмаштырылган. Бишкектеги Лениндин айкели эски өкмөттүк аянтты тарапка көчүрүлгөн. Совет мамлекетин түптөгөн Лениндин эстелиги Кыргызстандын булуң-бурчунда дале бир топ.

“Жаңы багытты издебейлиби...”

Ош шаарындагы эң бийик айкелдин алынышы, коомчулукта мурдатан болуп келген эки ача пикирлерди кайра жандандырды. Интернеттеги талкууларда Лениндин айкелинин алынышын колдогон пикирлер үстөмдүк кылууда.

Ал тапта “Кыргызстан коммунисттери” партиясы реакция жасап, Ош мэриясынын аракетине укуктук баар берүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага, ИИМге, УКМКга кайрылууга мажбур болуп жатышканын билдиришти.

Оштогу Лениндин эстелигине байланыштуу талкуулар мындан 10-15 жыл мурун эле көтөрүлүп жүргөн. Көбүнесе жаш муундун өкүлдөрү Лениндин эстелигинин ордуна башка бир жаштарга идеологиялык жол көрсөтө турган эстеликти көргүлөрү келерин айтып жүрүшкөн.

Ош мамлекеттик университетинин доценти, тарыхчы Сабыр Арстанов муну Кыргызстандагы декоммунизация же коммунисттик аң-сезимден арылуу аракети катары да бааласак болот деп эсептейт.

“Ленин негиздеген социалисттик коомдун кыргыз эли үчүн жасаган жакшылыктары көп. Кетирген катачылык, респрессиялары да бар, бирок кемчиликтеринен жакшылыктары көп. Мына ушул себептен да болсо керек, Советтер Союзу жок болгонуна карабастан 30 жылдан ашык убакыт Ош шаарында Лениндин эстелиги сакталып келди. Бул ушу кыргыз элинин Ленинге болгон сый-урматы болду деп айтсак болот. Бирок эми азыр чынында биз эгемен мамлекетпиз. Жаңы багытты, жаңы жолду издеп, жаңыдан өнүгүп келаткан мамлекетпиз. Мамлекеттүүлүктүн белгиси катары экинчи борбор шаарыбыздын борбордук аянтында башка эстеликтер турушу керек. Бул декоммунизация же деколонизация деген идеяларга деле туура келет. Биз эгемендүү мамлекетибизди түптөгөн инсандарыбыздын эстеликтери турганы же болбосо мамлекеттик символикалардын турганы бул жакшы көрүнүш. Бардык өнүккөн өлкөлөрдө деле ушундай, борбордук аянтта мамлекеттүүлүктүн белгилери чагылдырылган”.

Совет доорунда “кыргыздарга жазманы да, маданиятты да, мамлекетти да Ленин берген” деген пикир таңууланып келген. Ошондуктан Кыргызстанда, тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин жазгандай, “Лениндин теориясын тоталитардык түзүлүштүн идеологиясы катары карабастан, адил жана керемет күч катары баамдоо учурлары суюла электигин” Оштогу айкелдин жылдырылышына байланыштуу талкуулар көрсөтүп турат.

Бирок акыркы жылдары жалпы эле постсоветтик чөлкөмдө өзүнүн тарыхына, тилине, маданиятына жаңыча мамиле кылып, өтмүшүн кайра карап чыгууга далалат күчөдү. Анын ичине Кыргызстан дагы мындай изденүүлөрдөн артта калган жок.

“Ленин атабыз деп окуганбыз"

Эгемендик жылдары төрөлүп, торолгон муундун арасында Ленинди тааныбагандар көп экенин сурамжылоолордон көрсөк болот. Биз Бишкектеги айрым тургундарга кайрылып, Лениндин айкелинин алынышына байланыштуу пикирин сурадык:

“Ленин өз учурунда жакшы иштерди аткарган. Ага эч кандай нааразылыгым жок”.

“Лениндин эстелигин биз эле эмес Орусия өзү да алып атат. Алып салууга каршы эмесмин. Ага караганда өзүбүздүн элден чыккан, Кыргызстанды көтөргөн, ийгилик жараткан, мыкты иштерди аткарган атуулдарыбыздын эстеликтерин коелу. Ал эле эмес көчөлөрүбүздүн аталыштарынын баары эле орусча аталыштар. Аларды да кыргызчалаш керек”.

“Ленин атабыз деп окуганбыз, эми азыр анын эстелигинин актуалдуулугу деле жоголуп кетти го, ошондуктан алып салса деле болот, кереги деле жок".

“Лениндин эстелигинин турушуна каршымын. Анын ордуна Чыңгыз Айтматов өңдүү чыгаан инсандарыбыздын эстеликтерин орнотуп койсо болот эле”.

“Эстелик бизге керек. Анткени бул тарых, биздин басып өткөн жолубуз. Эгер адамдын өтмүшү жок болсо, демек анын келечеги да жок деп эсептесек болот. Биз бул эстеликти сактап калып, кийинки муундагыларга өткөрүп берели. Алар бул адам ким болгонун билишсин. Ал эч кимге тоскоол болгон жок”.

Оштогу Лениндин эстелиги. 2017-жылы тартылган сүрөт. бул эстелик 1975-жылы орнотулган. Ал советтик скульптор, СССР Көркөм өнөр академиясынын президенти Николай Томскийдин эмгегине таандык.
Оштогу Лениндин эстелиги. 2017-жылы тартылган сүрөт. бул эстелик 1975-жылы орнотулган. Ал советтик скульптор, СССР Көркөм өнөр академиясынын президенти Николай Томскийдин эмгегине таандык.

Постсоветтик өлкөлөрдө акыркы убакта социализм эстеликтерин алып салган мисалдар көп. Совет доорунда аталгандай дүйнөлүк пролетариаттын кол башчысы Лениндин айкелдеринин көбү Борбор Азия өлкөлөрүндө да четинен алынды. Айрымдары мурдагыдай негизги аянттардан жылдырылган.

Деген менен тарыхчы Сабыр Арстанов советтик тарыхка байланышкан эстеликтердин баарын эле жок кылып салууга да болбойт деген пикирин “Куугунтук курмандыктары” подкастында айткан эле.

“Совет идеологиясынын дагы эң негизги кемчилиги ошол болгон: мурдагы жакшы, азыркы жаман деген. Бүгүн дагы тарыхый эстеликтерге болгон мамилелер көп өзгөрбөй жатат. Советтик мезгилде мурунку тарыхыбызга тиешелүү көп тарыхый имараттар бузулган. Мисалы, Оштогу Алымбек датканын медресеси, Абдрахман автобачынын ак медреселери. Булар ХIХ кылымда эң сонун үлгүдөгү архитектуралык эстеликтери да. 1964-жылы Сулайман-Тоодогу Бабурдун үйү бузулган. Совет өкмөтү ошол эстеликтерден өзүнүн бийлигине каршы кандайдыр бир белгилерди көрүп, талкалап салды”.


Өзбекстандын футболчулары Дүйнө чемпионатына бет алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:04 0:00

5-июнда Өзбекстандын улуттук курама командасы 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) менен маанилүү оюн өткөрүп, 0:0 эсебинде тең чыкты. Өзбек курамасы дүйнө мелдешине жолдомону камсыз кылды. Өзбекстан Борбор Азиядан Дүйнө чемпионатына жолдомо алган биринчи улуттук курама болуп калды. Мелдеш 2026-жылы АКШ, Мексика жана Канадада өтөт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG