Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:26

Казакстанда жеке маалыматтарды соодалоого шектелген 140тай адам кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда 140тан көп адамдан турган топ жарандардын жеке маалыматтарын соодалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы Казакстандын Ички иштер министрлигинин медиа борбору – Polisia.kz сайтына таянуу менен кабарлады.

Мекеме билдиргендей, маалыматтар мамлекеттик базалардан алынып, Telegram-каналдар аркылуу таратылып турган. Жеке маалыматтар көбүнчө коллектордук компанияларга сатылып келген.

Кармалгандардын ичинде маалыматтарды уурдагандар, топту уюштургандар, каналдардын администраторлору жана башкалар бар.

Коллектордук компаниялардын кеңселерин тинтүү маалында 400дөн ашык компьютерлер жана башка электрондук техникалар алынды. Факт боюнча бир нече берене менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Казакстанда жеке маалыматтар уурдалып кеткен фактылар акыркы мезгилдери көп катталып келет. Алардын көбү микрокаржы мекемелеринен чыгып кеткени маалым болгон.

2024-жылы Мамлекеттик техникалык кызмат zaimer.kz (ТОО "МФО "Робокэш") каржылык мекемесинин 2 миллиондон ашкы кардарынын маалыматы ачыкка чыгып кеткенин аныктаган. 2025-жылдын башынан бери 300дөй адамдын жеке маалыматы уурдалган учур катталган.

Адистер маалыматтардын уурдалышынын себеби катары каржы уюмдарынын сайттарынын жакшы корголбогондугун, хакердик чабуулдарды жана кызматкерлердин шалаакылыгын атап жүрүшөт. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG