Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:04

Латвияда "Орус тили биздин тил" деген депутаттын үстүнөн кылмыш иш козголду


Алексей Росликов
Алексей Росликов

Латвиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматы парламент (Сейм) депутаты Алексей Росликовдун үстүнөн кылмыш ишин козгоду. LETA агенттигинин маалыматы боюнча эл өкүлү агрессор-мамлекетке (Орусияга) жардам берүү, улут аралык кастыкты жана жек көрүүнү козутууга айыпталууда. Росликов 5-июнда парламенттин жыйынында орус тилин Латвиянын коомдук турмушунда колдонууну чектөө тууралуу декларацияны күн тартибине киргизүүгө каршы сүйлөгөндө өз сөзүн: “Биз көппуз, орус тили биздин тил” деп орусча аяктаган.

Регламент парламенттин жыйынында орус тилин колдонууга жол бербегендиктен аны Сеймди урматтабоо үчүн залдан чыгарып жиберишкен.

Коопсуздук кызматы Росликов менен буга чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн, мыйзамсыз аракеттер үчүн кылмыш жообуна тартылуу ыктымалдыгы тууралуу эскертилгенин билдирди. Алсак, ал Х социалдык тармагына Ригада орус тили үстөмдүк кыларын жазып, эки партиядагы оппоненттерине “чемодандарын чогултууну” сунуш кылган.


Шерине

XS
SM
MD
LG