Өзгөндө аялдын сабалышы боюнча шектүү катары анын күйөөсү камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы 12-июнда билдирди.
Мекеменин ушул эле күнү берген маалыматына ылайык, жабыркаган аял 29-майда Өзгөн райондук милициясына кайрылып, күйөөсү уруп-сабаганын айтып, чара көрүүнү өтүнгөн.
Факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Анын негизинде соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ошол эле күнү аялга коргоо ордери берилген.
Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында аял жеңил жараат алганы аныкталган. Күйөөсү А.Ш. аттуу жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (“Уруп-сабап кыйноо”) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.
“Социалдык тармактын айрым колдонуучуларынын "милиция кызматкерлери жабырлануучунун арызы боюнча ишти карабай жатат" деген маалыматтары чындыкка дал келбейт”, - деп жазылган маалыматта.
Буга чейин социалдык тармактарда сабалып, башы канжалап, жүзү көгала болгон аялдын видеосу тараган. Интернет колдонуучулары бул окуя Өзгөндө болгонун, аялды сабаган күйөөсүнө милиция чара көрбөй жатканын жазышкан.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда былтыр 17 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% көп.
Шерине