Газанын гуманитардык фонду (GHF)деп аталган америкалык бейөкмөт уюм 11-июнда автобусуна кол салганы деп ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобунун согушкерлерин айыптады.
Маалыматка караганда, уюмдун кеминде беш кызматкери каза таап, бир нечеси жабыркады. Алар Хан-Юниске жумуштап бараткан.
AFP агенттиги набыт болгондордун бардыгы фонд менен кызматташкан палестиналыктар экенин тактады.
GHFнын билдирүүсүндө айтылгандай, кечки саат ондо болгон кол салуунун чоо-жайы аныкталууда, команданын айрым мүчөлөрү барымтада деген кооптонуу бар.
Фонд Газанын жашоочуларына гуманитардык жардам жетирип жана бөлүштүрүү менен алектенет. Фонд эл аралык кайрымдуулук топтору менен координациясыз аракеттенгени үчүн БУУнун жана башка уюмдардын сынына кабылган.
"Хамасчылар" көзөмөлдөгөн анклавдын саламаттык сактоо мекемеси Израилдин армиясын GHFнын пунктуна азык-түлүк алууга барган бир нече палестиналыкты өлтүргөн деп айыптоодо. Израил муну четке кагып, аскерлер ал жерде ок чыгарбаганын билдирген.
Майдын этегинде фонддун Рафахтагы жардам таратуу пунктун ачка калган жашоочулар талап-тоногон. Ошондо БУУнун Жакынкы Чыгыштагы палестиналык качкындарга жардам көрсөткөн агенттигинин (UNRWA) жетекчиси Филипп Лазарини Израилдин Газада гуманитардык жардам таратуу моделин сындап, аны "мыкаачылыктан алаксытуу амалы" деп сыпаттаган.
Марттан бери Израил гуманитардык жардамды өткөрбөй, тилке блокадада жатат.
Азык-түлүк, дары-дармек, башка эң зарыл нерселер жүктөлгөн машиналар Газага майдын ортосунда өткөрүлө баштады. Эл аралык кайрымдуулук уюмдары ачарчылык коркунучуна кептелген аймак үчүн бул жардамдын көлөмү жетишсиз экенин айтышат.
Шерине