Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

"Кыргызшампаны" ишканасынын имаратынын архитектуралык эстелик макамы алынды


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкектин Айтматов проспектисинде жайгашкан “Кыргызшампаны” ишканасынын администрациялык имаратынын архитектуралык тарыхый эстелик макамын алууга токтом чыгарды. 30-майда кол коюлган бул документ “Эркин-Тоо” гезитине 10-июнда жарыяланды.

Ага ылайык, 2002-жылы чыккан “Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объектерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү” токтомуна өзгөртүү кирди.

Ачык булактагы маалыматтарда, “Кыргызшампаны” ишканасынын имаратына 1953-жылы архитектуралык эстелик макамы берилген. Совет маалында шампан, вино жана алкоголдук ичимдиктин бир нече түрүн чыгарып турган. 1990-жылдардан кийин өндүрүштүн көлөмү кескин төмөндөгөн.

Март айынын башында президенттин иш башкармалыгы шаардын чок ортосундагы өкмөт үйү, Жогорку сот жана башка мекемелер жайгашкан 15 имаратты аталган тизмеден чыгарууну сунуштаганы белгилүү болгон жана бул талаш-талкуу жараткан.

Жогорку Кеңештин 26-февралдагы жыйынында Исхак Масалиев бул маселени көтөрүп, мыйзамдын сакталышын көзөмөлдөгөн комиссия түзүүнү сунуштаган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев бул имараттарды тарыхый-маданий мурастардын тизмесинен чыгаруу боюнча так чечим кабыл алына электигин билдирген.


Шерине

XS
SM
MD
LG