Жогорку Кеңештин 11-июндагы жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашев аялдарга жана балдарга зордук-зомбулук көп катталып жатканын белгилеп, бул кылмышка жазаны катаалдаштырууну сунуштады. Ал мындай каргашалар болгондон кийин гана аракет көрүлүп жатканын, коомчулук бир талкуулап ошону менен иштер токтоп калып жатканын белгиледи.
“Аялдарга зордук-зомбулук көрсөтүүнү оор кылмыш катары көрсөтүп, катаал жазалар бериле тургандай кылып өзгөртпөсөк болбой калды”, - деди Сарыбашев.
26-майда Оштогу Өзгөн районунун Алга айылындагы бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесине баргандан кийин күйөөсүнүн колунан мерт болгон Айзиректин окуясы коомчулукта кызуу талкууга түшүп, социалдык тармактарда аялдарга карата зордук-зомбулуктун токтобой жатканына нааразы пикирлер айтылган.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда былтыр 17 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% көп.
Башкы прокуратура Кыргызстанда 2,5 жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен мерт болгонун кабарлаган. Маалыматка караганда, тогуз окуя 2024-жылдын алты айында катталса, 2023-жылы 18, 2022-жылы жети аял зомбулуктун курмандыгы болгон.
Шерине