Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Пентагон Украинага курал-жарак берүүнү кыскартууну пландоодо


Пит Хегсет.
Пит Хегсет.

Пентагон келерки жылы Украинага курал-жарак берүүнү кыскарта турганын АКШнын коргоо министри Пит Хегсет шейшембиде Өкүлдөр палатасынын жыйынында билдирди. Ал мындай өзгөрүү президент Дональд Трамптын администрациясынын саясатына туура келерин түшүндүрдү.

Украинанын учурда АКШдан алып жаткан курал-жарактары боюнча чечим мурдагы президенттик администрациянын маалында кабыл алынган. “Биз сүйлөшүү жолу менен тынчтык келишимине жетишүү – эки тарапка тең жана биз үчүн да эң туура чечим деп ойлойбуз”, - деди министр.

Хегсет Украинанын күчтөрүнүн Орусиянын стратегиялык авиация жайгашкан аэродромдоруна сокку урганына комментарий берип, бул окуядан кийин Пентагон дрондон коргонуу системасын кайра карай баштаганын, АКШ “бул сыяктуу коркунучтарда алсыз болуп калбашы керектигин” белгиледи.

Трамптын администрациясы Конгресстен келерки жылдын бюджетинде Пентагон үчүн триллион доллардан көп каражат бөлүүнү өтүнгөнү жатат. Бул быйылкы бюджеттен 200 миллиард долларга көп экенин NBC басылмасы жазды.

Өкүлдөр палатасынын шейшембидеги жыйынында 831 миллиард долларлык бюджет боюнча сунуш каралганын Military Times билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG