Талас шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоевди 9-июлга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу Талас облустук сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” ырастады. 9-июнда Талас облустук милициясы Бокоевди Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармаган.
Кылмыш иши ал 2005-2010-жылдары азыркы Айматов районунун Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турган учурга байланыштуу экенин облустук милициянын басма сөз кызматы тактады.
Экс-депутат, анын жакындары жана адвокаты милициянын айыптоосу жөнүндө комментарий бере элек.
Кенжебек Бокоев Кыргызстан эгемендик алган жылдары ишкерлик менен алектенген. 2005-2010-жылдары Талас облусундагы Аманбаев айыл аймагын башкарган.
Ал 2010-жылы “Республика” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына депутат болуп шайланган. 2015-2021-жылдары “Республика-Ата Журт” партиясынын катарында парламенттин алтынчы чакырылышында депутат болгон. (TAb)
Шерине