Аба ырайы: тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Шашылыш билдирүү

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 13-июнга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

12-июнга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 28…33;

Талас жергесинде түнкүсүн 14...19, күндүз 27…32;

Баткен облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 26…31;

Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 17…22, күндүз 27…32;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...5, күндүз 10...15.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жакын өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 29…31 градус болот.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров 2030-жылга чейин ИДӨсү 30 млрд доллардан ашуусу керектигин билдирдиТүркмөнстан АКШнын түркмөн жарандарына карата чектөөсүнө тынчсыздануусун билдирдиТажикстанда өмүр бою эркинен ажыратылган адам абакта каза болдуУкраина менен Орусия туткундарды айырбаштоонун экинчи этабын өткөрдү