Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:44

Украина менен Орусия туткундарды айырбаштоонун экинчи этабын өткөрдү


2025-жылдын 10-июнунда мекенине кайтып келген украиналык туткундар.
2025-жылдын 10-июнунда мекенине кайтып келген украиналык туткундар.

10-июнда Украина менен Орусия туткундарды айырбаштоонун экинчи этабын өткөрдү. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги жана Украинанын президенти Владимир Зеленский маалымдады.

Зеленскийдин айтымында, бул жолу Орусиядан оор жаракат алган украин аскерлери кайтарылды. Алардын арасында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн, Улуттук гвардиянын, Мамлекеттик чек ара кызматтарынын жана Транспорт боюнча мамлекеттик атайын кызматтын аскерлери бар.

"Алардын баарына шашылыш медициналык жардам керек. Бул маанилүү гуманитардык кадам", – деп жазды Зеленский.

"Мындай алмашуу жараяндары уланышы керек. Туткунда калган ар бир адамды табуу жана кайтаруу үчүн болгон аракетти көрүп жатабыз", – деп кошумчалады ал.

Бул маалыматты Орусиянын Коргоо министрлиги да ырастап, орус аскерлери Беларустун аймагында экенин билдирди. Мекеме бул жолу канча орус аскери алмашылганы тууралуу маалымат берген жок.

9-июнда тараптар ортосунда 25 жашка чейинки туткундарды алмашуу жараяны өткөн.

2-июнда Стамбулдагы Украина-Орусия тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасында тараптар оор жарадарларды, 19-25 жаштагы туткундарды жана каза болгондордун алты миңден сөөгүн айырбаштоону макулдашкан.

Тараптар бул жолу да ок атышууну токтотуу жана өлкө лидерлеринин жолугушуусу боюнча макулдаша алган эмес.

16-майда АКШнын арачылыгы менен Стамбул шаарында 2022-жылдын жаз айларынан берки алгачкы орус-украин бетме-бет сүйлөшүүсү өткөн. Бирок анын жүрүшүндө ок атышууну токтотуу макулдашылган эмес, Киев Москваны "аткарылгыс талаптарды коюп жатат" деп айыптаган.

Эки тарап Стамбулда өткөн түз сүйлөшүүдө туткун айырбаштоо жараянын 1000/1000 форматында жүргүзүүнү макулдашкан. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG