Кочкордо бүтүрүүчүлөргө Уланбек Эгизбаев атындагы стипендия тапшырылды

Кочкор районунун Көк-Жар айылы.

Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө Уланбек Эгизбаев атындагы кезектеги стипендия 10-июнда тапшырылды. Алтынчы жылы катары менен өткөрүлүп жаткан сынактын беш жеңүүчүсүнө акчалай сыйлыктар, грамоталар берилди.

Мектеп бүтүрүүчүлөрү арасында өткөн дил баян сынагында башкы сыйлыкты Малика Бейшенбекова жеңип алды. 2-орунду Сезим Көлбаева жана Сайкал Мурадилова, 3-орунду Аделя Калыбекова ээледи. Андан сырткары кызыктыруучу сыйлыкка Муташ уулу Бектурлан татыктуу болду.

Уланбек Эгизбаев атындагы стипендия өзү окуп кеткен мектептин мыкты бүтүрүүчүлөрүнө 2019-жылдан бери ыйгарылып келет.

Стипендия журналисттин кыргыз тилинин азыркысы менен келечегин даңазалап, эне тилин кастарлап, жайылтуу аракетин улантуу максатында жарыяланган.

"Азаттык" радиосунун таланттуу иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда 28 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Дагы караңыз

Маск Трамп тууралуу жазган "айрым билдирүүлөрүнө" өкүнүчүн билдирди Депутат Сарыбашев аялдарга зомбулук көрсөткөндөрдүн жазасын күчөтүүнү сунуштадыХарьковдо Орусиянын чабуулунан үчөө каза болуп, 60 адам жаракат алдыСултан Раевдин "Топон" романы итальян тилине которулду