Мамдума мигранттардын балдары тууралуу маалыматты ИИМге берип туруу долбоорун карайт

Орусиядагы мигранттардын баласы. Архив

Орусиянын Мамлекеттик думасы билим берүү боюнча жергиликтүү органдарды Ички иштер министрлигине (ИИМ) мигранттардын балдары тууралуу маалымат берип турууга милдеттендирген мыйзам долбоорун карайт. Бул тууралуу парламенттин төмөнкү палатасынын төрагасы Вячеслав Володин билдирди.

Атап айтканда, бала жана ата-энеси, орус тилинен экзамендин жыйынтыгы, окуу жайга алынганы же чыгарылганы, көзөмөлгө алынган чет өлкөлүк жарандардын билим берүү уюмдарына кайрылуусу тууралуу маалымат берилүүгө тиийш.

ИИМ өз кезегинде мигранттардын балдарынын миграциялык каттоого алынганы жөнүндө маалымат менен бөлүшүп турат. Володин мындай чаралар “баланын жана ата-энесинин Орусияда канчалык мыйзамдуу жүргөнү тууралуу маалымат менен ыкчам алмашып туурууга өбөлгө түзөрүн, анын негизинде андан аркы чечимдер кабыл алынарын” айтат.

Мындан тышкары сөз болгон мыйзам долбоору чет элдик жарандардын орус тилинен тапшырган тестинин жыйыныгын бирдиктүү федералдык системага киргизүүнү сунуш кылат.

Былтыр Орусияда кабыл алынган мыйзамга ылайык, мигранттардын балдарын тил экзаменин тапшырбастан мектепке алууга болбойт. Спикердин айтымында, мыйзам күчүнө кирген эки айдын ичинде мектепте окууну каалагандардын 4% гана окуу жайга кабыл алынды.

“22-майга карата тесттен өтүү боюнча 2 миң 868 арыз тапшырылса, сынакка 498 киши (17%) гана киргизилди”, - деп жазды Володин.

Апрелде Орусиянын Рособрнадзор мекемеси мигранттардын балдары үчүн орус тилинен экзамендин талаптарын күчөткөн. Эми мектепке кириш үчүн бала берилген суроолордун 90% туура жооп бериши керек. Бул тууралуу Володин өзүнүн Telegram-каналында жазган. Мурун мектепке кабыл алуу үчүн 30% көрсөткүч жетиштүү болчу.

2024-жылы Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Орус бийлиги кол салуу үчүн шектүү деп тажик тектүү жарандарды атаган.

Расмий Москва ошондон бери мигранттарга талап-эрежелерди кыйла катаалдатып, аларга каршы мыйзамдар кабыл алынып жатат.

Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган.

Дагы караңыз

Украина Орусиянын эки аскердик учагы кыйраганын билдирдиДекоммунизация: Лениндин эң бийик айкелинин алынышы, интернеттеги талкуу    Казакстанда жеке маалыматтарды соодалоого шектелген 140тай адам кармалды