Украина Орусиянын эки аскердик учагы кыйраганын билдирди

Иллюстрация сүрөт

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы 9-июнга караган түнү Орусиянын Нижний Новгород облусундагы аэродромдо эки аскердик учак бутага алынганын билдирди. Алар МиГ-31 жана Су-30/34 учактары болушу мүмкүн, деп айтылат кабарда.

Авиациялык техника токтоп турган Саваслеевка аэродрому Украинага абадан чабуул коюуга пайдаланылып келатат. Дал ушул жерден украин аймагына "Кинжал" аттуу аэробаллистикалык ракеталар учурулганын адистер белгилешет.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты тактай элек. Москва дүйшөмбүгө караган түнү Нижний Новгород облусунда 13 учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн гана кабарлады.

Дагы караңыз

Казакстанда жеке маалыматтарды соодалоого шектелген 140тай адам кармалдыПрезидент депутаттарды бир мандаттуу округдардан шайлоо жөнүндө мыйзамга кол койдуЖаза аткаруу кызматынын соттолуучуларды коштоп жүрүүчү жоокери өзүн-өзү атып алдыБишкекте электр чыгырыктарды ижарага берүүгө тыюу салуу сунушталдыЭкоактивист Грета Тунберг баштаган кеме Газага жетпей токтотулду