Экоактивист Грета Тунберг баштаган кеме Газага жетпей токтотулду

Гуманитардык кемедеги Грета Тунберг.

Израил аскерлери Жер ортолук деңизде Газага гуманитардык жардам алып бараткан Madleen яхтасын жолдон токтотушту. Экоактивист Грета Тунберг, дагы 12 киши чакан кемеге күрүч, балдарга тамак-аш жүктөп алып, эң негизги максаты - Газадагы гуманитардык кризиске эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурдуруу экенин белгилешкен.

Израилдин Тышкы иштер министрлиги яхтадагы бардык жүргүнчүлөр өз өлкөлөрүнө жөнөтүлөөрүн, алардын символикалуу жардамы бир жүк ташуучу машинеге толбой турганы, акыркы эки аптада Газанын гуманитардык фонду аркылуу палестин тургундарга 1200дөй жүк ташуучу машине эң зарыл азык-түлүк, башка жардам таратканын билдирди.

Эл аралык мунапыс уюмунун башкы катчысы Аньес Калламар Израилдин гуманитардык кемени токтоткон аракетин айыптап, Газадагы элге бараткан жардамга бут тосуу - "эл аралык мыйзамды бузууга барабар" деп белгиледи. Анын алдында Түркиянын тышкы иштер министрлиги да ушундай мазмундагы билдирүү тараткан.

Дагы караңыз

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кенжебек Бокоев кармалдыЗеленский: АКШ убада кылган 20 миң ракетасын Украинага бере элекСоңку аптада автоунааны мас абалда айдаган 200дөй айдоочу кармалдыАйыл чарбага берилген жеңил насыялардын көбү малчылыкка бөлүндү