2025-жылдын алгачкы беш айында “Айыл чарбасын каржылоо – 13” долбоорунун алкагында 5055 чарбага 3,1 млрд сомдук жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги кабарлады.
Насыянын 2 млрд 536 млн сому мал чарбачылыгына, 410 млн сому өсүмдүк өстүрүүгө, 172 млн сому лизингге техника жана жабдууларды алууга, 14 млн сому суу үнөмдөөчү технологияларга берилген.
Мыйзамга ылайык, аталган багыттагы насыяларды “Айыл банк” менен “Элдик банк” берип келет. Жыл башынан берки сумманын 1,3 млрд сомун биринчи аталган банк, 1,7 млрд сомун экинчи аталган банк таратты.
Соңку айларда айыл чарбага берилип жаткан жеңилдетилген насыяларды ала албай жаткандардын айрымдары социалдык тармактарда пикирин жазып, кээлери видео кайрылуу таратышкан эле.
Маалым болгондой, жеңилдетилген насыя берүү 2011-жылдан башталган. Эки жыл “Фермерлерге жеткиликтүү насыялар” деп аталган долбоор, 2013-жылдан тарта “Айыл чарбасын каржылоо” долбоору деп атала баштаган.
2024-жылы “Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоорунун алкагында кыргызстандык 12 миңдей фермерге 4,8 млрд сомдук жеңилдетилген насыя берилген. (ErN)
Шерине