Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:25

Иранда Израилден өч алууну талап кылган демонстрациялар өтүүдө


Израилге каршы демонстрация. Тегеран, 13-июнь 2025-жыл
Израилге каршы демонстрация. Тегеран, 13-июнь 2025-жыл

Иранда 13-июнда Израилдин түнкү соккусуна каршы нааразылык акциялары өтүүдө. Кабар агенттиктери жазгандай, чогулгандар бийликтен "ыкчам жана айныксыз" жооп кайтарууну талап кылууда.

Тегеранда жана башка шаарларда борбордук аянттарга топтолгон демонстранттар улуттук желектерди, плакаттарды жана Ислам жумуриятынын жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты. Алар Америкага, Израилге каршы ураандарды чакырып турушту.

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан элге жасаган кайрылуусунда өлкөнүн мыйзамдуу жана кубаттуу жообунан кийин “Израилге кылган келесоо аракети үчүн өкүнүүгө туура келет” деп билдирди. Президент ирандыктарды жетекчиликке ишенүүгө жана колдоого үндөдү.

Ислам жумуриятынын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Израилдин масштабдуу чабуулун согуш жарыялоого теңеди.

Ага чейин аятолла Али Хаменеи Израил жума күнкү сокку үчүн “катуу жазаланарын” эскерткен.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги өлкө “адилетсиз агрессияга кабылганын”, “аймактык бүтүндүгүнө жана улуттук суверенитетине шек келтирилгенин”, чабуулдарга “Тегеран жана башка шаарлардагы калк жашаган райондор туш болгонун” белгиледи.

Тегерандын өтүнүчү менен жума күнү БУУнун Коопсуздук кеңеши жыйынга чогулганы жатат.

ФАРС маалымат агенттиги күч түзүмдөрүндөгү булакка шилтеме кылып, Иран Израилге жооп иретинде дрон менен аткылаганын четке какты. Ал булак Тегеран “жакын арада өч аларын” айтты.

Ага чейин Израил армиясы (ЦАХАЛ) Иран Израилди көздөй 100 чакты дрон учурганын, аскерлер аларды атып түшүргөнүн билдирген.

Израил 13-июнда таңга маал Ирандын аймагындагы өзөктүк объекттерге, баллистикалык ракета чыгарган заводдорго “алдын алуучу сокку урганын” жарыялаган.


Шерине

XS
SM
MD
LG