Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:12

Кыргызстан Иран жана Израил ортосунда чыңалуу күчөшүнө тынчсыздануусун билдирди


ТИМдин имараты.
ТИМдин имараты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Израил менен Ирандын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

“Кыргызстан түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу максатында тараптарды максималдуу сабырдуулук көрсөтүүгө жана аймактагы абалды андан ары курчутуп жиберүүсү мүмкүн болгон аракеттерден карманууга чакырат”, - деп жазылган дипломатиялык мекеменин 13-июндагы билдирүүсүндө.

Министрлик мунун алдында Ирандын аймагында жүргөн кыргыз жарандарын жеке коопсуздук чараларын сактоого жана этият болууга чакырган.

Израил 13-июнда таңга маал Ирандын аймагындагы өзөктүк объекттерге “алдын алуучу сокку урганын” жарыялады. Израилдин Тегеранга аба соккусунан “Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун” башкы командачысы Хоссейн Салами каза болгонун ирандык мамлекеттик Tasnim агенттиги жазды.

Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи Израил жума күнкү сокку үчүн “катуу жазаланарын” эскертти. Ирандын Тышкы иштер министрлиги өлкө “адилетсиз агрессияга кабылганын”, “аймактык бүтүндүгүнө жана улуттук суверенитетине шек келтирилгенин”, чабуулдарга “Тегеран жана башка шаарлардагы калк жашаган райондор туш болгонун” белгиледи.

Региондогу мамлекеттер өз реакциясын билдирип, Катар Израилдин соккусун айыптап, аны Ирандын суверенитетин жана коопсуздугун “көз көрүнө бузуу” деп атады.

Шерине

XS
SM
MD
LG