Израилдин Тегеранга аба соккусунан “Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун” башкы командачысы Хоссейн Салами каза болгонун ирандык мамлекеттик Tasnim агенттиги жазды.
Мындан тышкары Ирандын өзөктүк энергетика уюмунун мурдагы жетекчиси Ферейдун Аббаси жана Ислам Азад университетинин президенти, өзөктүк илимпоз Мохаммад Махди Техранчи да каза болгону кабарланды. Бул маалыматты жергиликтүү басылмалар да жазышты.
Израил 13-июнда таңга маал Ирандын аймагындагы өзөктүк объекттерге “алдын алуучу сокку урганын” жарыялады. Бул тууралуу Тегерандагы бир нече жарылуудан соң Израилдин Коргоо министрлиги билдирди.
Андагы маалыматка караганда, Израил Ирандагы ондогон объектке сокку урган, бирок эмне объекттер экени так айтыла элек. Ирандагы маалымат каражаттары Тегерандагы Имам Хомейни аэропортундагы бардык учуулар токтотулганын жазып чыгышты.
Израилдин коргоо министри Исраэл Кац өз өлкөсүндө өзгөчө кырдаал режими жарыяланганын, Иран ракета жана дрондор менен сокку урушу мүмкүн экенин эскертти.
Reuters агенттиги Ирандын мамлекеттик медиаларына таянып, Тегерандын түндүк-чыгышында жарылуунун үнү угулуп жатканын кабарлады. BBC да Тегерандын жашоочуларынан жарылуулар тууралуу маалымат алганын жазууда.
Шерине