Израил 13-июнда таңга маал Ирандын аймагындагы өзөктүк объекттерге “алдын алуучу сокку урганын” жарыялады. Бул тууралуу Тегерандагы бир нече жарылуудан соң Израилдин Коргоо министрлиги билдирди.
Андагы маалыматка караганда, Израил Ирандагы ондогон объектке сокку урган, бирок эмне объекттер экени так айтыла элек. Ирандагы маалымат каражаттары Тегерандагы Имам Хомейни аэропортундагы бардык учуулар токтотулганын жазып чыгышты.
Израилдин коргоо министри Исраэл Кац өз өлкөсүндө өзгөчө кырдаал режими жарыяланганын, Иран ракета жана дрондор менен сокку урушу мүмкүн экенин эскертти.
Reuters агенттиги Ирандын мамлекеттик медиаларына таянып, Тегерандын түндүк-чыгышында жарылуунун үнү угулуп жатканын кабарлады. BBC да Тегерандын жашоочуларынан жарылуулар тууралуу маалымат алганын жазууда.
АКШ бийлиги соңку кырдаал боюнча азырынча комментарий бере элек. CNN телеканалы президент Дональд Трамп министрлер кабинетинин жыйынын чакырганын билдирүүдө.
Ал эми Wall Street Journal басылмасынын жазышынча, ушул аптанын башында Израил премьер-министри Биньямин Нетаньяху Трамп менен сүйлөшкөндө Иранга сокку уруу маселесин көтөргөн.
Шерине