Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:07

"Орус тилин билбесе мектепке алынбайт". Орусия мигранттын балдарына талабын күчөттү


Кызы менен интернет аркылуу баарлашып жаткан мигрант. Иллюстрация сүрөт.
Кызы менен интернет аркылуу баарлашып жаткан мигрант. Иллюстрация сүрөт.

Орусияда эмгектенген кыргыз мигранттары балдарын бала бакчага, мектепке киргизүүдө кыйынчылыкка туш болуп жатканын айтып чыгышты. Анткени мигранттардын балдары үчүн орус тилинен сынак катаалдашып, билим алгысы келген балдардан суроолордун 90% туура жооп бериши талап кылынууда.

Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, айрым депутаттар кыргыз өкмөтүн көйгөйгө көңүл бурууга чакырышты. Ал тапта кээ бир орус аткаминерлер мигранттарга каршы талаптарды катаалдатуу риторикасын улантып жатат.

"Кызымды сынактан кулатып коюшту"

Орусиянын борбору Москва шаарында 10 жылдан бери иштеп жүргөн кыргызстандык мигрант Айгүлдүн (аты өзгөртүлдү) кызын бир жыл мурун бою кыска деп мектепке албай койсо, быйыл орус тилинен сынактан өтпөй калды дешти. Айгүл кызы сынакка атайын курстарга барып даярданганын, суроолорго жакшы эле жооп бергенин айтып жатат. Бирок "орус тилин жетиштүү деңгээлде билбейт" деген жооп келген.

Эми август айында кайрадан сынак тапшырышы керек болот. Анда да өтпөй калса эмне кыларын билбей турат.

"Кызым китепти шар окуйт, орусчасы да жаман эмес. Мектепке чейин да окуган. Сынакка атайын мугалим жалдап да даярданганбыз. Мугалими сынактан өтө турганын айтып жаткан. Эми алардын эрежеси боюнча дагы үч айдан кийин августта кайра сынак тапшырат. Ага чейин дагы даярданабыз. Эмнеге мындай кылып жатышканын билбейбиз. Негизи документтерди чогулта албай жаткан же сынактан кулап калган балдар көп эле экен. WhatsApp тайпада жазгандар болуп жатат. Кошуна келиндин баласы да тапшырды. Алар сынактын жыйынтыгын күтүп жатышат. Сарсанаа болгондор көп", - деди Айгүл.

Айгүлдүн айтымында, сынакта кызына оозеки суроолор берилип, ата-энеси, үй буюмдары жөнүндө сурашкан.

Орус тилинен сынак маселеси мигранттар арасында аябай актуалдуу болуп, атайын WhatsApp тайпаларда негизги темага айланды. Ар бири өзүнүн баласына байланыштуу окуяларды бөлүшүп жатышат. Мисалы, дагы бир кыргызстандык мигрант мындай деген:

"Бүт документтерди чогултуп, эмне десе ошонун баарын кылдык. Аягында "район боюнча орун жок" деп эле мектепке албай коюшту. Ошол эле маалда орус паспортун алган кыргыздарды мектепке алып жатышты. Жеке мектептер дагы ушундай эле шылтоону айтып коюшту".

Орусияда балдарын мектепке бере албай жаткан борборазиялык, анын ичинен кыргызстандык мигранттар жүздөп саналат. Орус тилинен сынактын талабы күчөгөндөн тышкары мектепке тапшыра турган документтердин топтому дагы калыңдап, баланы Сахароводогу миграция борборунан медициналык кароодон өткөрүү милдети кошулган.

Кыргызстандык мигранттар кыргыз бийлигинен, Жогорку Кеңештин депутаттарынан колдоо күтүп жатышат. Парламенттин 11-июндагы жыйынында депутат Жанарбек Акаев мындай деген билдирүү жасады:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

“Мага Орусиядагы жүздөгөн мекендештер кайрылып жатышат. Анткени балдарды мектепке берүү аябай татаалдашты. Жанагы орус тилинен сынактан массалык түрдө кулап жатышат. Миграцияда жүргөн мекендештерибиз балдарын эмне кылат, каякка окутат? Жумушу ошол жакта болсо, балдарга билим берүү татаалдашып жатса. Ушуга Министрлер кабинети өзү киришиши керек. Тышкы иштер министрлиги, элчилик борборлорду түзүп, орус тилин окутуу боюнча аракеттерди жасаш керек. Алар менен сүйлөшүүлөрдү башташ керек. Биз экономикалык бир биримдиктебиз. Стратегиялык өнөктөш мамлекетте ушундай болгону аябай өкүндүрөт. Мага күнүгө "балдарыбыздын тагдыры эмне болот" деген ондогон кат келип жатат".

Орусияда быйыл 1-апрелден тартып мигранттардын балдарын мектепке кабыл алууда орус тили боюнча тесттин талаптары бир кыйла күчөгөн. Мисалы, биринчи класска бара турган бала 10 суроонун тогузуна туура жооп бериши керек. Ал эми экинчи класстарга 20 суроо, 6-9-класстарга 22 жана 10-11-класстын балдарына 24 суроо узатылат.

Тесттен өтпөй калса орус тили боюнча дагы кошумча даярданып келип, үч айдан кийин гана кайра тапшыра алышат.

Миграция боюнча эксперт Нурсултан Карабаев Орусия ушундай жол менен мигранттардын санын азайтууну максат кылып же орус жарандыгын алууга мажбурлоо саясатын жүргүзүп жатканын айтат:

Нурсултан Карабаев.
Нурсултан Карабаев.

“Орусия мигранттардын, үй-бүлөсү менен келген мигранттардын санын кыскартууну максат кылып жатат. Мен башка максатын көрбөй элемин. "Балдарын мекенине таштап коюп өзү келсин" деген эле саясат. Алар үй-бүлөсү менен барышын каалбай турат. Негизи Орусия менен бир биримдиктебиз. Ага ылайык, бизге жеңилдик берилиши керек эле. Мектептерде орун жоктугун айтышат. Орун бошосо тил маселесин баштайт. Бизге көп адамдар кайрылып жатышат. Аларга такыр болбой калса балдарды Кыргызстанга жөнөтүш керектигин, колдон келсе балдар менен чогуу келиш керектигин айтып жатам. Азырынча башка жол жок болуп турат. Балдардын тагдыры менен ойнобош керек да".

Кыргызстандын Агартуу министрлиги мектепке камтылбай калган, анын ичинде ар кандай себептер менен өлкө сыртында жүргөн окуучуларды башталгыч билим менен камсыздоо боюнча өз аракетин көрүп жатканын билдирүүдө.

"Күн сайын күчөгөн миграция саясаты"

Орусия 2022-жылы Украинада согуш баштагандан тартып мигранттарга каршы маанайын күчөткөн. Муну Борбор Азиядан барган мигранттарды согушка алып кетүү аракети катары сыпаттагандар болгон. Анткени мигранттар жашаган, алар чогулган жерлерде согушка чакырган жарнамалар көп кездешет.

Мындай саясат 2024-жылы Москвада “Крокус Сити Холлдогу” 145 адамдын өмүрүн алган окуядан кийин ого бетер күчөгөн. Орус бийлиги кол салуу үчүн шектүү деп тажик тектүү жарандарды атаган. Расмий Москва ошондон бери мигранттарга талап-эрежелерди кыйла катаалдатып, аларга каршы мыйзамдар удаа-удаа кабыл алынып жатат. Күч органдары ар кандай рейддерди өткөрүп, күч колдонгон, ур-токмокко алган учурлар да көп кездешүүдө.

Буга кошумча орусиялык ар кыл деңгээлдеги аткаминерлер, Мамлекеттик Думанын депутаттары мигранттарга каршы билдирүүлөрдү да жасап келет.

Мисалы, Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев мигранттар боюнча мындай деди:

Владимир Колокольцев.
Владимир Колокольцев.

“Көчөдө же турак жайларда мыйзамсыз мигранттар болбошу керек. Жумушсуз калгандар, университеттен чыгарылгандар, манжа издери алынбагандар, тил үйрөнбөй жаткандар, орус коомуна эч кандай пайдасы жоктор биздин өлкөдөн чыгып кетиши керек”.

Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөрү маалымдалган. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган.

2024-жылдын соңундагы расмий статистикага ылайык, Кыргызстанда 260 мектеп жалаң орус тилинде, 576 мектеп кыргыз-орус тилинде билим берет. Бул жалпы 2394 орто мектептин 1/3 (үчтөн бирин) түзөт.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Шерине

XS
SM
MD
LG