- Өткөн жумада Калифоранияда мыйзамсыз мигранттарды жапырт кармоого каршы нааразылык акциялары тутанды. Дүйшөмбүнүн кечинде полиция мигранттар кармалган борбордун жанына чогулган жүздөгөн демонстрантты кууп таркатканы белгилүү болду. Сиз жашаган Лос-Анжелестеги соңку кырдаал кандай?
- Калифорнияда АКШнын Иммиграция кызматынын офицерлери мыйзамсыз мигранттарды иштеген жеринен, көчөдөн кыдырып текшерип жатышты. Айрымдарын дароо кармап кетип, андан ары өлкөдөн чыгарып жатканын угуп жаттык.
Бирок соңку күндөрү алар мигранттар жашаган райондорду кыдырып, үйлөрүнө чейин киришти. Биздин угушубузга караганда, алар топ-тобу менен мексикалык келгиндер жашаган райондорду кыдырып, ошол жерлерде нааразычылык тутанды. Ал шаардын бир нече районуна жайылып кетти. Ызы-чуу менен коштолуп, талап-тоноолор болуп, машинелер күйүп, көчөлөрдө ушундай көрүнүш болду. Аскерлер киргенден кийин "бул мыйзамсыз" деп, Калифорниянын штатынын губернатору Трампты сотко берди. Губернатор өзү демократ. Азыр эми бийликтин деңгээлинде да ушундай келишпестик жаралды. Калифорния өзү калкынын саны боюнча АКШдагы эң чоң штат. Калкы көп, бай штат болгондуктан да өзүнүн эрежелери бар. Оңой менен баш ийбей турат.
Лос-Анжелестеги кыргыздар бир нече райондо турабыз. Азыркы жагдай бизге катуу таасир тийгизди деп айта албайм. Баарыбыз иш менен алекпиз. Кадимкидей эле ишке барып атабыз. Мен азыр да иштен келдим. Шаардагы бир нече район курчоого алынганын эске албаганда, бүгүн абал кечээкиге караганда кыйла тынч.
- АКШдагы кыргыздардын басымдуу бөлүгү Чикаго шаарында экенин билебиз. Ал эми Лос-Анжелесте алардын саны канча? Бул жактагы кыргыздар эмне менен алек?
- Чикагодо кыргыздар чындыгында абдан көп. Лос-Анжелесте болсо, бир нече миң кыргыз бар. Бирок так саны белгисиз. Бул жакта деле ошол эле тиричилик. Балдар таксиде же тамак-аш ташып, кыздар сулуулук салондорунда иштейт. Жаңы келген кыргыздардын агымы болсо мурункуга караганда кыйла азайды. АКШ президенти Трамп шайланып келгени Мексика аркылуу мурункудай келгендер деле жокко эсе. Анткени Байден учурунда чек арадан CBPone тиркемеси аркылуу күнүгө миндеген адам өтүп турарын угуп калчубуз. Арасында кыргыздар да көп эле. Негизи мыйзамсыз жол менен киргендер арасында ар кандай адамдар болгонун бийлик айтып жатат. Кылмыш кылганы, башкасы деле агылып келгени тууралуу маалыматтар бар. Өзгөчө Латын Америка өлкөлөрүнөн келгендер көп болду.
Азыркы президент Трамп ошондон улам АКШнын аймагына бир кесипке ээ болгон же кандайдыр бир адистер гана келсин деген шарт койду. Жергиликтүү эл, кыргыздар арасында муну ар кандай кабыл алышты. Менимче, бир жагынан азыркы президенттин айтканында деле чындык бар. Акыркы учурда бул жактан мекенине кеткен кыргыздар көбөйдү. Кыргыздар тобунда алардын саны акыркы айларда эле 300гө жакындаганын айтып жатышат. Алардын көбү биротоло кеткенин айтышты.
- АКШ президенти Дональд Трамп келгени мыйзамсыз миграция менен күрөш күчөгөнү белгилүү. Андай текшерүү, рейддер депортация менен коштолуп жатат. Ага туш болгон кыргызстандыктар тууралуу да маалыматтар айтылган эле. АКШдагы кыргыздардын кетип жатканына ушул сыяктуу жагдайлар себеппи?
- Трамп келгени бул жактагы кыргыздардын абалы оорлошту. Мыйзамдуу ишке орношууга документтерди даярдоо дээрлик мүмкүн эмес болуп калды. Байден учурунда башпаанек сурап, сотун күтүп жаткандар арасында деле депоратацияга туш болгондор болуп жатат. Жакында эле Сиетлде жашаган бир кыргыз киши ушул нерсеге туш болду. Мурда кыргыздар кенен, эркин жүрчү. Азыр андай эмес. Кыйналгандар көп. Соттордун утур жылдырылганын же кымбатчылыкты да себеп катары айткандар бар. Негизи биздин өлкө АКШ менен өтө ынак ымалада эмес же союздаш өлкөлөр эмес. Ошондон улам да биздин жарандарга өкмөт тарабынан шарт түзүп берүүнү камсыздоо оор окшойт деп ойлойм. Азыр кетем дегендердин көбү кайра эле башка өлкөлөргө миграцияга кетүүнү ойлонуп жатышат. Мен да күзүндө Кыргызстанга кайтсамбы деген ойдо турам. АКШга чейин үй-бүлөм менен Германияда жашаганбыз. Азыр кайра Европага, балким Германияга кетүүнү пландап жатабыз. Европа өлкөлөрүндө маяна аз болгону менен коопсуз.
- Демек, азыркы шартта АКШга келүүнүн мыйзамдуу жолдору барбы? Сиз бул өлкөгө келүүнү каалаган мекендештерге кандай кеңеш берет элеңиз?
- Негизи бул жагынан абал оор. Ошол эле АКШга мыйзамдуу келүүнү шарттаган грин карта алуу жеңил эмес. Кыргызстандан жыл сайын ашып барса, минден көп киши алат. Коңшу Өзбекстанда бул көрсөткүч бир нече эсеге жогору. АКШга Европа өлкөлөрүндөй жумуш визасы берилбейт. Бул жакка кыргыз жарандары туристтик же билим визасы аркылуу гана келе алышат. Демек, келем дегендер ушул эки максатта гана келе алат. Азыр мен бир гана мыйзамдуу жолду издөөнү сунуштайт элем. Мурункудай Мексика аркылуу келем деп аракет да көрбөгүлө. Ал жол менен келгендерди деле кармап, кетирген учурлар бар. Менин укканыма караганда Чикагадо жыйырмага жакын адам депортация болду.
Шайлоо алдында мыйзамсыз миграция менен күрөшүүгө убада берип келген Трамп Ак үйгө кайтып келери менен аны аткарууга активдүү киришкен.
Ал “АКШнын аймагына мыйзамсыз жолдор менен кирген чет элдиктердин арасында потенциалдуу террорчулар жана кылмышкерлер бар” деп түшүндүргөн.
Кошмо Штаттарда мыйзамсыз жүргөн келгиндерди кармоо жана депортациялоо иши Иммиграция жана бажы полициясына жүктөлгөн.
Шерине