Казакстанда "Орда" сайты кысым-басымга, коркутууларга, куугунтукка жана рейдерлик аракеттерге кабылганын билдирди.
Маалымат каражатынын негиздөөчүсү жана башкы редактору Гүлнара Бажкенованын айтымында, психологиялык басымдын түрдүү ыкмалары колдонулууда. Асыресе, өздөрүн полиция кызматкери деп тааныштырган адамдар журналисттерди кылмыш ишине байланыштуу издөөдө экенин айткан. Белгисиз бирөөлөр Бажкенованынын сүрөтүн жана анын атынан делген жарыяны интернеттеги сексуалдык кызмат көрсөткөн сайтка жайгаштырган.
Редактор мындай чабуулдар жарым жыл мурун ал басылманы мамлекеттик маалымат каражаттары жайгашкан "бирдиктүү медиа-борборго" которууга каршы болгондо башталганын айтууда.
"Орданын" сайтында белгиленгендей, коркутуулардын уюштуруучулары редакциялык саясатка кийлигишүүгө, көзөмөлдөөгө аракет кылышкан. Бажкенова кысым көрсөткөн адамдар мамлекеттик аппарат менен байланышта деп эсептейт.
Ulysmedia басылмасынын башкы редактору Самал Ибраева да белгисиз бирөөлөр анын сүрөтүн жана телефон номерин сексуалдык кызмат көрсөткөн сайтка чыгарышканын билдирген.
12-июнда Казакстандын маданият жана маалымат министри Аида Балаева мындай кысымды жана чагымды комментарийлеп, ыплас аракеттерди журналисттерди гана эмес мамлекетти да жаманатты кылууну каалагандар жасап жатканын айтты. Министр шектүүлөрдү табууга кызыкдар экенин кошумчалады.
Шерине