Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Өзгөндө күйөөсү сабады делген аялдын окуясы боюнча кылмыш иши козголду


 Ош облустук ички иштер башкармалыгы.
Ош облустук ички иштер башкармалыгы.

Ош облустук милициясы күйөөсү сабаганы айтылган келиндин окуясы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Мекеменин 12-июндагы маалыматында, жабырлануучу 29-майда Өзгөн райондук милициясына кайрылып, күйөөсүнө чара көрүүнү өтүнгөн.

Факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Анын негизинде жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ошол эле күнү коргоо ордери берилген.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жабырлануучу жеңил жараат алганы аныкталган. Аялдын күйөөсү А.Ш. аттуу жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (“Уруп-сабап кыйноо”) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. Тергөөнүн жыйынтыгы менен шектүүгө юридикалык баа берилет.

“Социалдык тармактын айрым колдонуучуларынын милиция кызматкерлери жабырлануучунун арызы боюнча ишти карабай жатат деген маалыматтары чындыкка дал келбейт”, - деп жазылган маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда сабалып, башы канжалап, жүзү көгала болгон аялдын видеосу тараган. Интернет колдонуучулары бул окуя Өзгөндө болгонун, аялды сабаган күйөөсүнө милиция чара көрбөй жатканын жазышкан.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда былтыр 17 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% көп.

Башкы прокуратура Кыргызстанда 2,5 жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен мерт болгонун кабарлаган. Маалыматка караганда, тогуз окуя 2024-жылдын алты айында катталса, 2023-жылы 18, 2022-жылы жети аял зомбулуктун курмандыгы болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG