Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

Орусиялык дрондор менен Харьковго сокку урулду


Харьковдо 12-июнга караган түнү Орусиянын дрон чабуулунан кеминде 15 киши жараат алып, бешөө ооруканага жаткырылганын облустук полиция кабарлады. Алардын арасында 2, 12, 16 жана 17 жаштагы төрт бала бары кабарланды. Эки жаштагы бала ооруканага жеткирилди.

Шаардын Шевченков, Салтов, Слободский райондорунда калктуу конуштар аткылоого кабылган.

“12-июнда орус күчтөрү Харьковго абадан сокку урду. Көп кабаттуу жана жер үйлөр, дүкөндөр, мектептер жана бала бакчалар, автоунаалар зыян тартты. Сокку урулган жерде полиция кызматкерлери, куткаруучулар жана дарыгерлер иштеп жатат. Алар жабыркагандарга жардам берип, кыйраган жерлерди калыбына келтирүү аракетинде", - деп жазылган Харьков облустук полициясынын билдирүүсүндө.

Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов 11 дрон атылганын, алардын бири “Шахед” жарылбай калганын билдирди.

Шаршемби күнү шаарга урулган башка соккудан төрт адам каза болуп, ондогон адамдар жараат алган.

Шерине

XS
SM
MD
LG