Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

"Апа, мен кайтып келдим". Украина менен Орусия туткундарды алмашты


Туткундан бошотулган украиналык жаран. 10-июнь, 2025-жыл
Туткундан бошотулган украиналык жаран. 10-июнь, 2025-жыл

Шаршембиге караган түнү Харьков шаары кайрадан аткыланып, кеминде үч киши каза тапты. Ал арада тараптар согуш туткундарын алмашууну улантты. Шаршембиде Орусия 1212 украин аскердин сөөгүн кайтарганы маалымдалды.

Мунун алдында Одессада дүрмөттөрдүн бири төрөт үйүнө тийген, даңазалуу киностудияда өрт тутанган, Киевде маданий мурастардын тизмесине кирген Ыйык София собору жабыркаган.

Соңку күндөрдөгү массалык чабуулдар украин коопсуздук кызматынын өткөн аптада орусиялык стратегиялык авиациянын аэродромдоруна каршы атайын операциясына жооп катары каралууда.

"Дрон чабуулу тынган жок"

Түн ичинде Украинанын экинчи ири шаары Харьков тогуз мүнөт бою орусиялык пилотсуз учактардын соккусуна туш болду. Жергиликтүү бийлик кеминде 3 кишинин өлгөнүн, 57 кишинин, арасында эки жашар кыз менен өспүрүмдүн жарадар болгонун маалымдады. Шаардын мэри Игорь Тереховдун айтымында, 17 дрондун чабуулунан көп кабаттуу үйдүн 15 батиринде өрт тутанды, балдар ойногон аянтча, өнөр жай ишканалары, коомдук транспортко зыян келтирилди. Мэр жалаң жарандык жайлар бутага алынганын белгиледи.

"Өрт чыкканда түтүндүн жыты келди. Мен сыртка чуркам чыктым. Документтеримди же акча ала чыгууга убакыт болгон жок. Калың түтүн каптады. Ал жакта туруу да мүмкүн болгон жок, эч нерсе көрүнбөй калды", - деп айтып берди өрт чалган батирлердин биринде жашаган Виталий Головин.

Харьков түнкү соккудан кийин. Украина, 11-июнь 2025-жыл
Харьков түнкү соккудан кийин. Украина, 11-июнь 2025-жыл

Украин куралдуу күчтөрү шаршембиге караган түнү орус армиясы “Шахед” жана башка түрдөгү 85 дрон, баллистикалык ракеталар менен аткылаганын билдирди. Маалыматка караганда, 40 дрон атып түшүрүлдү.

Өткөн аптада Харьков шаары Орусиянын согуш башталгандан берки эң катуу соккусуна кабылганда бир нече кишинин өмүрү кыйылган.

Харьковдон тышкары түнкү соккуга Донецк жана Одесса облустары кабылды. Орусия түнкү аткылоолорду комментарийлеген жок. Далилдирге карабай согуш баталгандан бери Москва аскердик обектилерди гана бутага алганын айтып келет.

Одессада алдынкы күнү эки тургундун каза тапканы, бир нече турак жай талкаланганы кабарланган. Жергиликтүү бийлик дүрмөттөрдүн бири төрөт үйүнүн административдик имаратына тийгенин жана киностудиянын комплексине ири залака келитирлгенин, декорациялар күйүп кеткенин билдирген.

Ошол эле күнү башкалаа Киев дагы жапырт аткылынган. Турак үйлөр, чарбалык имараттардан тышкары өлкөнүн эң маанилүү маданий жана архитектуралык эстелиги, ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесиндеги Ыйык София собору жабыркаган.

Украин армиясы 10-июнга оогон түнү Киев менен Одессага 315 дрон атылганын билдирген. Соңку күндөрдөгү массалык чабуулдар украин коопсуздук кызматынын орусиялык стратегиялык аэродромдорго каршы атайын операциясына жооп катары каралууда.

Украиналык дрондор шаршембиге караган түнү Тамбов облусундагы Котовск заводуна тийгени маалымдалды. Ал жерде кадыресе курал-жарак жана артиллерия үчүн дүрмөт чыгарылат. Бийлик өрт өчүрүлгөнүн кабарлады, бирок ишканага келтирилген зыян тууралуу айтылган жок.
Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде 32 дрон жок кылынганын билдирди.

Шейшембиде Белгороддогу май куйуучу станцияга дрон тийгенде бир аял набыт болгонун облус губернатору Вячеслав Гладков телеграм-каналына жазган жана бул үчүн укриананы айытпаган. Киев муну комментарийлеген жок.

Согуш туткундарын алмашуу

Туткундан бошотулган украиналык жаран. 10-июнь, 2025-жыл
Туткундан бошотулган украиналык жаран. 10-июнь, 2025-жыл

Ал арада тараптар согуш туткундарын алмашуу жараянын улантып, шейшембиде жарадар болгон аскерлердин дагы бир тобу үйлөрүнө кайтып барды. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский жана Орусиянын Коргоо министрлиги билдиришти.

Зеленскийдин айтымында, бул жолу Орусиядан оор жаракат алган украин аскерлери кайтарылды. Алардын арасында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн, Улуттук гвардиянын, Мамлекеттик чек ара кызматтарынын жана Транспорт боюнча мамлекеттик атайын кызматтын аскерлери бар.

"Алардын баарына шашылыш медициналык жардам керек. Бул маанилүү гуманитардык кадам", – деп жазды Зеленский. - Мындай алмашуу жараяндары уланышы керек. Туткунда калган ар бир адамды табуу жана кайтаруу үчүн болгон аракетти көрүп жатабыз".

9-июнда Стамбул макулдашуусунун алкагында 25 жашка чейинки жоокерлердин алгачкылары айрбашталганы кабарланган. Туткундан чыккан украиналык жоокер колуна телефон тийери менен энесине чалды:

“Апа, кандайсың? Мен келдим, мен үйдөмүн. Апа, саламатсыңбы, мен кайрадан мекендемин. Апа сени аябай жакшы көрөм, жакын арада көрүшөбүз. Бардыгы үчүн, жазган каттарыңа чоң ыракмат. Сени качан кучактап, өбөм деп чыдамсыздык менен күтүп жатам. Алтын апакем, дайыма менин жанымда болгонуң, мени күткөнүң үчүн ыракмат. Сарсанаа болбо. Ооба, мен Украинадамын, үйдөмүн”.

Украинанын аскердик чалгын кызматынын маалыматына караганда, азат кылынган жоокерлердин көбү оор жаракат алган, мүчөлөрү ампутацияланган, инфекцияларга кабылган.

9-10-июнь күндөрү канчадан туткун кайтырлганы айтылган жок.

1212 аскердин сөөгү кайтарылды

Тынчык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасында каза тапкан аскерлердин сөөктөрүн алмашуу тууралуу да макулдашылган.

Шаршембиде Украинанын Согуш туткундары боюнча координациялык кеңеши 1212 аскердин сөөгү кайтарылганын билдирди. Маалыматка караганда, маркумдар Харьков, Луганск, Донецк, Запорожье жана Херсон облустарында, Орусиянын Курск аймагында курман болгон.

Москванын сүйлөшүүлөрдөгү делегациясы 6 миң сөөктү кайтарарын айткан. Бирок соңку күндөрдө орус расмий өкүлдөрү каршы тарап аларды кабыл албай жатат деп айыптаган. Киев дооматтарды четке кагып, сөөктөрдү алмашуу үстүбүздөгү аптада жүрөрүн билдирген.

Ага чейин, 25-майда согуш башталгандан бери эң көп сандагы туткундар айырбашталган. Үч күнгө созулган жараян маалында бир миңден аскер мекенине кайткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG