Медведевге байланышкан фонддор Украинада согуш башталгандан бери өз эсептерине 850 миллиондой доллар топтоду. Муну менен катар ошол фонддор кыймылсыз мүлк алып, шектүү стартаптарга жана Кара деңиздин боюндагы курулуштарга акча салууда. Бул тууралуу "Система" долбоорунун иликтөөсүндө айтылат.
2020-жылы өкмөт башчылыктан алынган 59 жаштагы экс-президент Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары жана бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын төрагасы. Бир кездери жумшак жана байистүү саясатчы катары мүнөздөлүп келген Медведев согушту жан үрөп жактап, социалдык тармактарга Киевге жана Батышка каршы ачык жек көрүүгө толгон постторду жарыялап жүрөт.
Аны менен байланыштагы 15 фонд 2015-2021-жылдары жалпысынан 28 млрд рубль (ошол кездеги курс боюнча 424 миллион доллар) киреше тапкан. Мындай маалыматты “Система” долбоору финансылык отчетторго таянып чыгарды. Орусия Украинага басып кирген 2022-жылдан былтыркыга чейин ал сан 130 млрд рублга (1,39 млрд доллар) чейин өскөн. Каражаттын жарымынан көбү 2024-жылы түшкөн.
Отчетторго караганда, 2021-жылдын аягында ал уюмдардын балансында 23,5 млрд рубль (316 миллион доллар) болсо, 2024-жылдын этегинде 86,4 млрд рублга (850 миллион доллар) жеткен.
Каражат Украинага каршы согушуп жаткан күчтөргө, Санкт-Петербургдан баштап Кара деңиздин боюндагы кыймылсыз мүлккө чейин сарпталган. "Система" ал мүлктүн Медведев менен байланыштарын аныктаган.
Фонддор акча которгон демөөрчүлөрдү атабайт, 14 уюмдун экөөнүн гана сайты бар болуп чыкты. Алардын бири 2023-жылдын март айында катталган "Наша правда" фонду өз максаты деп орус армиясын жана "атайын аскердик операциянын" (Кремль Украинадагы согушту ушинтип атап жүрөт) аймагындагы калкты колдоону көргөзгөн. Алар орус аскерлерин дрон, согуштук жабдыктар, генератор, медициналык каражаттар менен камсыздашат.
Эки жылдын ичинде "Наша правда" ошол максаттарга 4 млрд рубль (30,4 миллион доллар) жумшаганы сайтында айтылат.
"Бирдиктүү Орусия" менен кызматташтык
"Наша правда" Медведевдин демилгеси менен түзүлгөнүн "Бирдиктүү Орусия" партиясынын борбордук комитетинин жетекчиси Алексей Сидякин билдирген. Фонд партия менен кызматташып келген. Мисалы, быйыл февралда биргелешип орус армиясынын бир бөлүгүнө 15 миллион рублга (177 миң доллар) жабдык жөнөтүшкөн.
Сайттагы маалыматка караганда, экс-президенттин уулу, 2022-жылдын сентябрында партияга мүчө болгон Илья Медведев салтанатка катышкан. Ал ошол долбоордун жетекчиси деп көрсөтүлгөн.
Кремлдин сынчысы, оппозициялык саясатчы маркум Алексей Навальныйдын Коррупция менен күрөшүү фонду (ФБК) 2017-жылы жарыялаган иликтөөдө ошол маалдагы премьер вилла, яхта, жүзүм талаалары жана башка активдерге ээлик кылат деген жыйынытыкка келген. ФБК анын Курск обдусундагы Плес деген жердеги, Сочи, Рублевкадагы резиденциялары, бир нече кеме, “Скалистый берег” деп аталган шарап жасоочу жай тууралуу айтып берген.
“Система” ошол иликтөөдө айтылган мүлктүн көбүнүн дагы эле Медведевге жакын фонддор менен байланышы бар экенин жазат.
Мартта “Наша правда” фондунун тобу Анапанын жээгин мазуттан тазалоо үчүн Краснодардын аткаминерлерин жабдыктар менен камсыздаган. Фонд ал ишти “Скалистый берег” менен чогуу жүргүзгөн. ЖМК үчүн таратылган маалыматка караганда, анын кызматкерлери “жээкти тазалоого бир нече жолу катышкан”.
2022-жылдын декабрында Медведвге жакын фондго таандык "ФинконсалтингК" ("ФКК") деген фирма "Макна" деген башкаруучу компанияны алган. Анын карамагындагы “Шингари" пансионаты “Скалистый берег” деген жерге жакын жайгашкан. Эс алуучу жайдагы үйлөрдү түрттүрүп, ал жерден экс-президентке жакын "ФКК" 2,5 гектар жер алган, дагы 4,5 гектар “Макнанын” ижарасында. Жаңы курулуш долбоору тууралуу айтылганы менен ал качан ишке ашары белгисиз.
Ал эми “Невский” деп аталган фонд Медведевдин туулуп өскөн Санкт-Петербургдун четинде 2023-жылы эки кабаттуу коттедж сатып алган. Андан кийинки жылы Павловск шаарчасындагы дачага ээлик кыла баштаган. Ал жерде бала кезинде болочок президент жайында эс алчу. Мамлекет башчы болуп шайлангандан кийин, 2009-жылы шаарчага барып кеткен.
Медведев өзү, "Наша правда" жана "Невский" фонддору "Системанын" комментарий берүү өтүнүчүн көз жаздымда калтырды. "Скалистый берег" дагы иликтөөчүлөрдүн тиешелүү кайрылуусуна жооп берген жок. "ФКК" фирмасынын башкы директору журналист чалып атканын угуп, трубканы коюп койду жана мессенжерден жөнөтүлгөн суроолорду жоопсуз калтырды.
Согуштун майына от тамызуу
Орусиянын Украинага басып киргени Медведев коомдук фигура катары 180 градуска өзгөрдү. 2008-2012-жылдары президент болуп турган кезде Владимир Путин менен “тандемдеги” кенже өнөктөш өзүн салыштырмалуу либерал, реформачыл жана көбүрөк эркиндиктердин жактоочусу катары көргөзүп келген.
Путин аны 2022-жылдын январында өкмөт башчылыктан алгандан кийин чабал саясатчы катары сыпатталган Медведевдин рейтинги эл арасында да төмөн болчу. Мамлекет каржылаган уюмдун сурамжылоосуна ылайык, 2021-жылдын этегинде аны респонденттердин 22,7% колдочу (Путиндики ошол кезде 65% болчу).
Украинага каршы согуш Медведвге коомдук сахнага кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк бергенсиди. Кол салуудан 19 күн өткөндө ал телеграм-каналын ачып, үч күн өткөндө Батышты катуу сындаган биринчи постун жарыялаган. Ошондон бери постторунун бардыгы ошол темага арналып келатат. Саясатчы бир туруп Батышты өзөктүк курал менен коркутат, эртеси ал жактагы аткаминерлер менен элге акаарат келтирген билдирүүлөрдү жасайт.
Мисалы, 2023-жылы Берлиндеги Бундестагды бомбалоо тууралуу ой жүгүрткөнү бар.
Өткөн жумада Орусия Украина менен сүйлөшүүлөрдө тынчтык орнотууну эмес, “биздин тез жеңишибизди жана Киевдеги өкмөттү толук жок кылууну” көздөгөнүн жазды.
Мындай жүрм-турумду кызматка илинүү каалоосунан тышкары алкоголь ичимдиктеринин таасири менен түшүндүрүшөт.
Кандай болгон күндө да Медведевдин популярдулугу тез өстү. Телеграм-каналын баштагандан эки ай өтпөй Рамзан Кадыровдон кийинки эле экинчи орусиялык блогерге айланып, 2022-жылдын этегинде чечен президентинен ашып түшкөн.
Ушу тапта анын 1,6 миллион катталуучусу бар. Ишеним көргөзүү рейтинги 45,7% чейин өстү. Андан өйдө президент Путин жана премьер Мишустин гана турат.
АКШ, Еврошаркет, Британия жана бир катар өлкөлөр Дмитрий жана Илья Медведевдерди Украинадагы согушка байланыштуу санкциялык тизмеге киргизишкен.
Шерине