Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Аба ырайы: тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн


Шашылыш билдирүү

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 13-июнга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

12-июнга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 28…33;

Талас жергесинде түнкүсүн 14...19, күндүз 27…32;

Баткен облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 26…31;

Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 17…22, күндүз 27…32;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...5, күндүз 10...15.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жакын өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 29…31 градус болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG