Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө Уланбек Эгизбаев атындагы кезектеги стипендия 10-июнда тапшырылды. Алтынчы жылы катары менен өткөрүлүп жаткан сынактын беш жеңүүчүсүнө акчалай сыйлыктар, грамоталар берилди.
Мектеп бүтүрүүчүлөрү арасында өткөн дил баян сынагында башкы сыйлыкты Малика Бейшенбекова жеңип алды. 2-орунду Сезим Көлбаева жана Сайкал Мурадилова, 3-орунду Аделя Калыбекова ээледи. Андан сырткары кызыктыруучу сыйлыкка Муташ уулу Бектурлан татыктуу болду.
Уланбек Эгизбаев атындагы стипендия өзү окуп кеткен мектептин мыкты бүтүрүүчүлөрүнө 2019-жылдан бери ыйгарылып келет.
Стипендия журналисттин кыргыз тилинин азыркысы менен келечегин даңазалап, эне тилин кастарлап, жайылтуу аракетин улантуу максатында жарыяланган.
"Азаттык" радиосунун таланттуу иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда 28 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
Шерине