Сот Рустам Жокоевди үй камагына чыгарды

Рустам Жокоев парламентте. Архивдик сүрөт.

Бишкек шаардык соту Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору (“Унаа” мамлекеттик мекемеси) Рустам Жокоевдин бөгөт чарасын карап, 9-июлга чейин үй камагына чыгарды. Бул тууралуу 9-июнда “Азаттыкка” аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Рустам Жокоев менен бир нече кызматкерди былтыр 26-сентябрда камакка алганы белгилүү болгон. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (“Пара алуу”) менен айып тагылган. Кийин сот аны тергөө аяктаганга чейин камакка алып, мөөнөт узартылып келген.

Жокоев 1-октябрда кызматтан алынган. Анын кармалышы боюнча президент Садыр Жапаров комментарий берип, аны бул тармакты тартипке салуу үчүн дайындаганын, “таза иштеши үчүн” ага өзүнүн демөөрчүлүк фондунан айына 2 миң доллар жардам берип турганын, мындай көмөктү ал 40 жетекчиге көрсөтөрүн кошумчалаган. Президент өз сөзүндө айдоочулук күбөлүк сатуу тыйылбай келатканын билдирген.

Бул боюнча иш февралда Бишкектин Октябрь райондук сотунда карала баштаган.

Рустам Жокоевдин жана кармалган башка кызматкерлердин жакындары, адвокаттары коюлган айыптар боюнча комментарий берген эмес.

37 жаштагы Жокоев “Унаа” мекемесинде адис, кийин жетекчинин орун басары болуп иштеп, 2021-жылы директору болуп дайындалган. 2020-2021-жылдарда Президенттин иш башкармалыгына караштуу Мамлекеттик “Ала-Арча” паркы мекемесинин директору болуп турган. (ErN)