Украина Москва, Тула жана Новомосковскиге дрондор менен чабуул жасаганы кабарланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Украина бейшембиге караган түнү Орусиянын Москва жанан Новомосковски шаарларына, Тула облусуна дрондор менен чабуул жасаганы кабарланды.

Москванын мэри Сергей Собянин жалпысынан 30га чукул учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн, Домодедово, Жуков аба майдандары убактылуу жабылганын билдирди. Жараат алгандар, жабыркагандар тууралуу маалымат берилген жок.

Туланын губернатору Дмитрий Миляев чабуулда бир канча там жабыркаганын, эки киши жеңил жараат алганын маалымдады.

"Орусиянын Коргоо министрлигин абадан коргоо системасынын күзөттө турган каражатары менен чабуулдун онунчу толкунунун мизи кайтарылды. Бир учкучсуз аппарат Тула шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин чатырына кулады. Ошондой эле дрондордун сыныктарынан айрым турак-жайлар жабыркады".-деп жазылган билдирүүдө.

Ал арада Орусия Украинанын Харьков шаарына чабуул жасаганы тууралуу маалыматтар чыкты. Шаардын мэри Игорь Терехов телеграм-каналына алдын ала маалыматтарга караганда эки адам жана сегиз жер там жабыркаганын жазды.

Согуш маалында бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Дагы караңыз

Бишкек мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти жоюлдуАтайын кызмат 10-июндан тартып мыйзамсыз мигранттарга рейд башталарын билдирди ӨКМ Балыкчынын кире беришиндеги куураган көчөттөр жөнүндө түшүндүрмө берди Сот Канышай Мамыркулованын тергөө абагындагы мөөнөтүн дагы узартты Европа Биримдиги Сирияга салган экономикалык санкцияларын алат ДСУ пандемияга каршы күрөш тууралуу тарыхый макулдашуу кабыл алды ИИМ: Шаирбек Бопонов ички иштер органдарынан биротоло бошотулду ЖК: мамлекеттик ипотека үчүн мугалимдерге, дарыгерлерге өзүнчө тизме түзүү маселеси көтөрүлдү