Кыргызстанда жогорку медициналык жана фармацевтикалык билим берген окуу жайларга лицензия берүүгө убактылуу тыюу салынды. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин чечимине ылайык, мындай мораторий 2027-жылдын аягына чейин болот.
Өкмөттүн маалыматына караганда, мындай чечим дарыгерлерди жана фармацевттерди даярдоонун сапатын жогорулатуу үчүн кабыл алынды. Мындай чечим лицензияны кайра берүү, токтото туруу, узартуу же жокко чыгаруу процессине таасир этпейт.
Ошондой эле Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине билим берүү ишин лицензиялоонун тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү долбоорду иштеп чыгуу тапшырмасы коюлган.
Быйыл февралда президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаевага сөгүш берип, анын орун басары Расул Абазбек уулун кызматтан алган. Мындай чечимдин бир себеби жеке жогорку медициналык окуу жайларга көзөмөлсүз лицензия берүү, аккредитациялоо процессин көзөмөлсүз калтыруу экени айтылган.
Ошол айда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанда жеке менчик жогорку окуу жайларды ачууга лицензия берүүгө убактылуу мораторий жарыялоо тапшырмасын берген.
Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 80ден ашык жогорку окуу жай бар. Алардын ичинен 31и мамлекеттик, эки жогорку окуу жайдын эл аралык деген макамы бар.
Медициналык билим берүүчү окуу жайларда Индиядан, Пакистандан келген студенттер көп.
Шерине