Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

Султан Раевдин "Топон" романы испан тилинде басылып чыкты


Султан Раев.
Султан Раев.

Жазуучу Султан Раевдин испан тилине которулган «Топон» романы Рим шаарындагы "Sandro" басмасында чыкты. Улуттук жазуучулар союзунун маалыматына караганда чыгарманы италиялык белгилүү котормочу Федерико Пастеро которгон.

Буга чейин романдын орус, өзбек, азербайжан тилдериндеги котормосу Москва, Ташкент, Баку шаарларында басылып чыккан.

«Топон» романы ошондой эле 2017-жылы Швецияда өткөн эл аралык адабият фестивалында «Чоң роман» номинациясы боюнча гран-при утуп алган.

«Топон» - адеп-ахлактык пастыктын кесепетин таразалаган философиялык роман-метафора.

Кыргыз эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев ошондой эле «Жанжаза», «Күн кармаган бала», «Пусу», «Антистандарт» өңдүү роман, аңгеме, ырлар жыйнактары менен белгилүү.

Шерине

XS
SM
MD
LG