Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:33

Ошто Июнь окуясында курман болгондор эскерилди


“Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексиндеги эскерүү иш-чарасы. 10-июнь, 2025-жыл. Ош, Кыргызстан.
“Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексиндеги эскерүү иш-чарасы. 10-июнь, 2025-жыл. Ош, Кыргызстан.

2010-жылы Ош жана Жалал-Абад аймактарында катталган коогалаңга быйыл 15 жыл болду. 10-июнда Ош шаарындагы “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексинде буга байланыштуу эскерүү иш-чарасы өтүп, ал окуяда курман болгондорго куран окулуп, гүл коюлду.

Иш-чарага коогалаңда дайынсыз жоголгондордун жакындары, каза болгондордун туугандары, шаар бийлигинин өкүлдөрү, президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери катышты.

“Ош окуясында дайынсыз балдардын энелери” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү иш чарага шаар башчысынын катышпай калганына нааразы болуп, “Ош окуясы” “жылдан-жылга унутулуп бара жатканын, жергиликтүү бийлик бул күнгө көнүл кош мамиле жасап келет” деп сынга алышты.

2010-жылы июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан. Июнь окуясы деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам набыт болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жаракат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек. (DSh\ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG