Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:23

Жогорку сот журналист Гүлжан Шерипбаеваны актаган өкүмдөрдү колдоду


Гүлжан Шерипбаева
Гүлжан Шерипбаева

Жогорку соттун соттук коллегиясы 9-июнда Nazar News сайтынын ээси Гүлжан Шерипбаеванын ишин карап, аны актаган райондук жана шаардык соттун өкүмдөрүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” журналист өзү билдирди.

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр декабрда "Шерипбаеванын кыймыл-аракетинде кылмыш курамы жок" деген негизде актаган. Кийин ушул эле өкүмдү Бишкек шаардык соту да колдогон.

Биринчи инстанциядагы соттук отурумдарда мамлекеттик айыптоочу Шерипбаевага 200 миң сом айып салууну сунуштап, судья аны канааттандырган эмес.

Журналист Гүлжан Шерипбаева 2023-жылы 18-ноябрда Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча айып тагылган.

Журналист өзүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери 16-ноябрда ал иштеген кеңседен алып кеткенин жазган. Атайын кызмат ага козголгон иш тууралуу маалымат берген эмес.

Бишкектин Биринчи май райондук соту ошол эле жылы 20-ноябрда анын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Гүлжан Шерипбаева кармалганга чейин социалдык тармактарда жана өзү иштеткен сайтта бийликти сындаган материалдарды да чыгарып турган. Ал ошондой эле Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупцияга шек саналып соттолгон Райымбек Матраимовду колдогон билдирүүлөрдү жазып келет. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG